Дүйнөдөгү эң кир жер аныкталды

© AP Photo / Jennifer LaversТихоокеанский остров Хендерсон
Тихоокеанский остров Хендерсон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тынч океанда жайгашкан Хендерсон аралынын аянты 4,3 гектар жерди ээлейт. Адистердин баамында аралдагы таштандынын салмагы 17,6 тоннаны түзөт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Тынч океанда жайгашкан Хендерсон кичи аралы дүйнөдөгү таштанды көп жаткан жер деп аталды. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын Улуттук академиясында жарыяланган докладга шилтеме берип кабарлаган.

Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таштандыны чар-жайыт таштап өрттөгөндөр айыпка жыгылып, кара жумушка кесилет
Маалыматка ылайык, Жаңы Зеландия менен Латын Америка ортосундагы Тынч океанда жайгашкан Хендерсон аралынын аянты 4,3 гектарды түзөтт. Адистердин баамында андагы таштандынын салмагы 17,6 тоннаны түзөт. Жээк жайык болгондуктан күнүнө бул жерге орто эсеп менен 27 ар түрдүү нерсе агып келет экен.

Докладды жарыялаган илимпоздор кырдаалдын себебин өнөр жай тармагында желим нерселер көп чыгарыла баштаганы менен байланыштырышкан. Илимпоздор дүйнөлүк өнөр жай тармагы ушул нук менен кете берсе, ЮНЕСКОнун тизмесине кирген жаратылыш кооздуктары жапа чеге берерин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0