14:52 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR95.6332
  • RUB1.1309
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1196331

Кореялык кыз-келиндердин арасында жаңы президентке караганда анын жансакчысы популярдуу болуп турган кез.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Корея республикасында жаңы шайланган президент Мун Чжэ Ин эмес эле анын жансакчысы популярдуу болуп бараткандыгы тууралуу британиялык The Daily Mail агенттиги жаздып чыкты. 

Мун Чжэ Ин 9-майда өткөн шайлоодо жеңип чыгып, эртеси күнү эле өлкө башчылык милдетин аткарууга киришкен.

Президент эл алдына чыга баштары менен жансакчысы Чой Янг Чженин сүрөттөрү интернет айдыңында "чуу" жаратты. Жансакчынын аты интернетте президенттикинен көбүрөөк аталып, далай кыз-келиндердин жүрөгүн дүкүлдөтүп жаткан кези.

"Корей кыздары президенттин жансакчысынын сүрдүү көздөрүнө ашык болушууда", — деп жазат The Daily Mail.

Интернет колдонуучулар 36 жаштагы Чой Янг Чжени кино жылдыздарына дагы окшоштуруп жатышат. Атургай анын сүрөттөрү айрым гезит-журналдардын биринчи беттеринин көркүн ачууга жетишти.

Янг Чже — Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрүнүн атайын бөлүгүнүн офицери.

Кийинчерээк президенттин аппаратынан билдиришкендей, жансакчы үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы экен.

Тема боюнча

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин. Өмүр баяны
Мун Чжэ Ин Түштүк Кореянын жаңы президенти болду
Белгилер:
Түштүк Корея, Мун Чжэ Ин, интернет, жансакчы

ЭҢ МААНИЛҮҮ