"Ислам мамлекетинин" согушкерлери Сириядагы байыркы эстеликтерди талкалашты

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүСирия. Архив
Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин cогушкерлер Пальмирадагы байыркы Рим театрын талкалашкан болчу.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери Сириянын Дура-Европос шаарындагы байыркы доорго таандык эстеликтерди талкалап кеткенин РИА Новости SANA агенттигине шилтеме берүү менен жазды.

Билдирмеде террорчулар скульптураларды барскан менен талкалап жаткан видео жарыяланганы жазылат.

Соңку эки жылдын ичинде согушкерлер көптөгөн байыркы имараттарды жана эстеликтерди жок кылган. Буга чейин алар Пальмирадагы байыркы Рим театрын да талкалашкан болчу.

Дура-Европос — болжол менен биздин заманга чейинки 300-256-жылдары орун алган Евфараттагы байыркы шаар.

Жаңылыктар түрмөгү
0