Toyota компаниясы эки жылдан кийин абада уча турган унааларды чыгарат

© AFP / TOSHIFUMI KITAMURAТойота компаниясынын автоунаасы. Архив
Тойота компаниясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учуучу унааны чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн компаниядан 42 миллион иен (болжол менен 370 миң доллар) каражат бөлүнгөн.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Япониянын ири автоунаа чыгаруучу Toyota компаниясы 2019-жылдан тарта учуучу унааларды чыгарат. Бул тууралуу The Nikkei Asian Review маалымат порталы жазып чыкты. 

Ал унаалардын төрт тарабына сегиз канат орнотулуп абада гана эмес, жерде да жүрүүгө жөндөмдүү болору айтылууда.

"Өндүрүүчүлөр алгачкы жолу 2019-жылдын январь айында автоунаанын ичине адамды отургузуп учуруу пландалууда. Ал эми 2020-жылы Токио Олимпиадасында ошол учуучу унаа менен Олимпиаданын отун жандырууну көздөп жатат", — деп жазылат.

SkyDrive деп аталган долбоорду 2015-жылы Toyota компаниясынын кызматкерлери сунуштаганда жетекчилик колдобой койгон. Мындан улам алар интернет аркылуу каражат чогулта башташкан. Кийинчерээк жетекчилик макулдугун берип, долбоорду ишке ашыруу үчүн 42 миллион иен (болжол менен 370 миң доллар) каражат бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0