Эстониянын коргоо министринин үйү күйүп кетти

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТаллин шаары. Архив
Таллин шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттү алгач коңшулар байкап, үй ээсин ойготуп, өрт өчүрүүчүлөргө кабар беришкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Эстониянын коргоо министри Маргус Цахкнанын Таллиндин Нымме аймагындагы үйүндө жекшембиге караган түнү өрт чыккан. Бул тууралуу Postimees гезити билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо министрдин эки кабат үйүн жалмаган. Аны алгач коңшулар байкап, үй ээсин ойготуп, өрт өчүрүүчүлөргө кабар берген. Өрттөн эч ким жабыркаган эмес.

Министр өзүнүн Facebook баракчасына алар үчүн бүгүн кубанычтуу күн экенин, анткени тилсиз жоодон эч ким жабыркабаганын жазган. Ал ошондой эле коңшуларына жана өрт өчүрүүчүлөргө терең ыраазычылыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0