Путин роялда ойноп кытайлыктарды таңыркатты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу алдында роялда "Московские окна" ырынын айрым кайрыктарын ойноду
Россиянын президенти Владимир Путин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу алдында роялда Московские окна ырынын айрым кайрыктарын ойноду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир алкак — бир жол" форумуна катышып, сөз сүйлөгөндөн кийин Путин Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен жолугушмак.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу алдында роялда "Московские окна" ырынын айрым кайрыктарын ойноду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

"Бир алкак — бир жол" форумуна катышып, сөз сүйлөгөндөн кийин Путин Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен көрүшмөк. Жолугушуу алдында ал залда турган роялга отуруп, Тихон Хренниковдун "Московские окна" чыгармасын жана "Города над вольной Невой" мелодиясын ойногон.

Путин эл алдында биринчи жолу өнөрүн тартуулап жаткан жок. Ал 2012-жылдын январь айынын аягында Москванын инженердик-физикалык институтунда студенттер менен жолугушканда дагы "Московские окна" чыгармасын аткарган.

Буга чейин 2010-жылы "Федерация" фондунун кайрымдуулук кечесинде дагы роялда "С чего начинается родина" чыгармасын ойноп, Blueberry Hill ырын ырдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0