"Ислам мамлекетинин" чабуулунан Мосулду 370 миң жай тургун таштап кеткен

© Sputnik / Рафаэль Даминов / Медиабанкка өтүүСитуация в Мосуле
Ситуация в Мосуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграция боюнча эл аралык уюмдун билдирүүсүнө караганда 17-октябрдан 10-майга чейин Мосулдан 369 миң 594 адам аргасыз башка жакка көчкөн.

БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Иракта "Ислам мамлекети" террордук уюмунун чабуулунан жети ай ичинде 370 миң жай тургун үйүн таштап кеткен. Бул тууралуу РИА Новости Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына таянып кабарлады.

Мосулдагы Ирак армиясынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мосулда "Ислам мамлекети" тобунун башчыларынын бири жок кылынды
Аталган мекеменин билдирүүсүнө караганда былтыркы жылдын 17-октябрынан быйылкы жылдын 10-майына чейин Мосулдан 369 миң 594 адам башка жакка көчүүгө аргасыз болгон.

Эске салсак, Мосул аймагын террорчулардын тазалоо операциясын АКШ башында турган аскер коалициясы 2016-жылы октябрда баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0