БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, кырсыктан 12 миң адам жабыркады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.
Кытайдын сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, силкинүү жергиликтүү саат 05:58дер чамасында болгон. Зилзалананын кесепетинен 1,5 миң имарат урап, жергиликтүү бийлик жапа чеккен райондордон 9 миңден ашуун адамды көчүргөн.
Жаратылыш кырсыгынан 8 адам көз жуумп, 23 адам түрдүү жарааттарды алган. Учурда жер титирөөдөн кийинки тазалоо, жөнгө салуу иштери уланууда.