Gangnam Style ырын аткарган PSY интернетти кайрадан жарды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүХI премия в области популярной музыки "МУЗ-ТВ 2013"
ХI премия в области популярной музыки МУЗ-ТВ 2013 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк кореялык артист клибинде өзү ойлоп тапкан бий кыймылдарын көрсөткөн.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Түштүк Кореялык рэп аткаруучусу PSY эки "вирустук" клип чыгарды.

Клиптердин биринде, тагыраагы I LUV IT аталышындагы чыгармага япониялык аткаруучу Пико Таро дагы тартылган. Ал буга чейин Pen-Pineapple-Apple-Pen ыры менен белгилүү болуп, Billboard чартындагы эң кыска ыр катары Гиннес китебине кирген.

Экинчи видеоклип New Face аттуу ырга тартылган. Эки чыгарма тең артисттин 4x2=8 аталышында альбомуна киргизилди.

Интервью с популярным певцом Мирбеком Атабековым - Sputnik Кыргызстан
2005-2006-жылдардагы хиттер: 10 жыл мурун "дүң" болгон ырлар эсиңиздеби?
Интернетке кечээ жүктөлгөн видеоклиптер жарым миллион көрүүчүнү топтой алды. Учурда эки роликти 5,5 миллиондон ашык адам көрдү.

Түштүк кореялык PSY аттуу рэпер өзүнүн Gangnam Style чыгармасы менен таанымал болгон. Анын клиби биринчи жолу YouTube каналынан эки миллиард көрүүчүнү топтогон. PSY Billboard Music Awards сыйлыгын алган биринчи корей ырчысы болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0