Шри-Ланкада электр зымга илинип калган парашютчу аял аман калды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүПарашютчу. Архив
Парашютчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя аскерий машыгуулар учурунда болгон. Жабыркаган аялдан сырткары, дагы бир аскер бутун кайрып алган.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Шри-Ланкада аскерий парашютчу электр өткөргүч линияларына илинип, араң дегенде аман калды. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Окуяны күбөлөр видеого тартып алышкан.

Видеодо көрүнүп тургандай, парашют менен жерге түшүп келе жаткан аял электр өткөрүүчү зымдарга жакындап, ага илинип калган. Натыйжада жалт эткен от чыгып, аял жерге кулап түшкөн. Окуянын күбөлөрү ага жардамга келишкен.

Басылманын маалыматына караганда, окуя Kuda Oya Army Camp полигонундагы аскерий машыгуулар учурунда болгон. Аялдан сырткары дагы бир аскер кызматкери машыгуу учурунда бутун кайрып алгандыктан, экөө тең ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0