Франция бийлиги Парижди качкындардан тазалап жатат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПариждеги полиция кызматкери. Архив
Париждеги полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймакты тазалоого полициянын 350 кызматкери катышып жатат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Франциянын бийлиги Париждин түндүк-чыгышындагы лагерди качкындардан тазалоого киришти. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Франция басылмаларынын жазганына караганда, Африка, Афганистандан келген миңге чукул качкындар аталган аймакта жашайт. Лагерь Порт-де-ля-Шапель районунда жайгашкан. Аймакты тазалоого полициянын 350 кызматкери катышып жатат.

Выборы президента Франции - Sputnik Кыргызстан
Францияны 39 жаштагы эң жаш президент башкарат
Өткөн жылдын ноябрь айында Париждеги "Сталинград" метросундагы жайма лагердегилер көчүрүлгөн. Анда болжол менен 3,8 миң адам жашап келген. Андан мурдараак Кале шаарындагы "жунгли" деп аталган лагердин ордун тазалашкан.

Франция боюнча мурда лагерлерде жашаган 5,5 миңге чукул адам өлкөнүн ар кыл шаарларындагы атайын жайлар менен борборлордон баш паанек тапкан.

Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери миграциялык кризиске кабылып, андан кутула албай келет. Бул биринчи иретте жакынкы чыгыш менен түндүк Африка өлкөлөрүндөгү куралдуу чыр-чатактар менен экономикалык көйгөйлөрдөн жаралууда. ЕС Frontex агенттигинин маалыматына караганда, 2015-жыл ичинде Евробиримдикке 1,8 миллион мигрант кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0