Түштүк Кореядагы 18ге толгон жаштар шайлоодо добуш берүү укугун талап кылып жатышат

© REUTERS / KIM KYUNG-HOONТүштүк Кореяда президенттик шайлоо
Түштүк Кореяда президенттик шайлоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар мурдагы мыйзамдагыдай 19дан эмес, 18 жаштан жогорку жарандарга добуш берүү укугун берүүнү талап кылууда.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Түштүк Кореяда президенттик шайлоого катыша албай калган 18 жаштагы студенттер нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алар мурдагы мыйзамдагыдай 19дан эмес, 18 жаштан жогорку жарандарга добуш берүү укугун берүүнү талап кылууда.

"Биз деле өлкөгө жаңы президенттин келишин күтөбүз. Бирок өзүбүз аны шайлоого катыша албай жатабыз", — деп акцияга чыккан студенттер билдиришти.

Алардын ою боюнча, демократиялуу өлкөдө жаштардын саясатка катышуусуна чектөө болбошу керек.

Президентские выборов в Южной Корее - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореяда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда башталды
Корея Республикасында бүгүн 9-майда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоодо жалпы 13 964 добуш берүү участкасы иш алып барды.

Эске салсак, президенттик шайлоодо беш талапкер ат салышууда. Алар: Демократиялык партиянын өкүлү Мун Чжэ Ин, "Элдик партиядан" Ан Чхоль Су, "Эркин Корея партиясынын" атынан Хон Чжун Пхё, "Акыйкат саясий партиясынан" Ю Сон Мин жана Түштүк Кореяда саясий күч деп эсептелген "Акыйкат партиясынан" депутат Сим Сан Чжон катышып жатат.

Кореянын тарыхында Пак Кын Хе импичменттин айынан президенттиктен кол жууган алгачкы президент. Ал мамлекеттин ишине досу Цой Сун Силди аралаштырган деп айыпталган. Цой Сун Кореядагы ири компаниялардан пара алганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0