Кийинки айдан тарта Facebook өзүнүн телешоусун көрсөтө баштайт

© REUTERS / Dado Ruvic / File PhotoСоциальная сеть Facebook
Социальная сеть Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трансляция июнь айынын ортосунан тарта башталат.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Кийинки айдан тарта Facebook өзүнүн телешоусун көрсөтө баштайт. Бул тууралуу Business Insider басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, социалдык тармак 5-10 мүнөттөн жана 30 мүнөттөн 1 саатка чейинки 20 долбоорду сунуштайт.

"Бул кадамдын арты менен Facebook компаниясынын жетекчилиги Snapchat менен колдонгон жаштарды өзүнө тартууну пландап жатат", — деп жазылат маалыматта.

Трансляция июнь айынын ортосунан тарта башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0