Кытайда куруучулар 1,5 миң жыл мурунку күмбөз табышты

© AFP / STRАрхеологиялык казуулар. Архив
Археологиялык казуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күмбөз биздин заманга чейинки 220-420 жылдардагы Вэй жана Цзиндин мезгилине таандык болуп чыккан.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Кытайдын Хэбэй облусунда куруучулар ичинде түрдүү эски буюмдары бар 1,5 миң жыл мурунку күмбөз тапканын Синьхуа агенттиги кабарлады.

Снимок с видехостинга Youtube канала Demolition Sends Pedestrians Fleeing. Демонтаж здания в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытайда уратылган көп кабаттуу имарат элдин эсин чыгарды
Күмбөз Ханьдань шаардык округуна караштуу Цю аймагында курулуш иштери болуп жаткан учурда жети метр тереңдиктен табылган. Күмбөздө 23 эски буюм бар экендиги, ал Вэй жана Цзиндин мезгилине (биздин заманга чейинки 220-420 жылдар) таандык экендиги аныкталган.

Ошондой эле Синьхуа агенттиги Хэбэй облусунун айланасынан Мин династиясынын (1368-1644-жылдар) мезгилине таандык мемориалдык эстеликтин бир бөлүгү табылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0