Түндүк Корея лидери аскерлерин "душмандын катыгын берүүгө даяр турууну" эскертти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Корея лидери Ким Чен Ын Корея элдик армиясынын артиллериялык бөлүктөрүн кыдырып көрүп, аскерлерин "биринчи эле команда берилгенде душмандын катыгын берүүгө даяр турууга" чакырды
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Корея элдик армиясынын артиллериялык бөлүктөрүн кыдырып көрүп, аскерлерин биринчи эле команда берилгенде душмандын катыгын берүүгө даяр турууга чакырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корей жарым аралындагы кырдаал акыркы мезгилдери Түндүк Кореянын ракета сыноолорунан кийин чыңалып кетти.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Корея элдик армиясынын артиллериялык бөлүктөрүн кыдырып көрүп, аскерлерин "биринчи эле команда берилгенде душмандын катыгын берүүгө даяр турууга" чакырды. Бул туурасында РИА Новости Кореянын борбордук телеграф агенттигине таянып жазды. 

Аталган аскердик бөлүктөр Чанжэдо жана Мудо аралдарында жайгашкан. Бул жерде Түштүк Корея менен чеги талаш болуп келе жаткан аймак бар. Бул Сары деңиздин айланасы.

"Ким Чен Ын фронттун түштүк-батыш тарапты коргоп турган артиллериялык бөлүктөрүн кыдырып көрүп чыкты. Андан сырткары аскерлерди "биринчи эле команда берилгенде душмандын катыгын берүүгө даяр турууга чакырды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган өлкөгө таандык болгон Чанжэдо жана Мудо аралдары жана Түштүк Кореяга караган Йонпхёндо аралы Сары деңизден анча алыс эмес жердеги талаштуу аймакта жайгашкан.

АКШнын ракетага каршы THAAD системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Түштүк Кореянын аймагына учурулган ракетаны тосуп коюучу жабдууну орнотту
"Бөлүп турган түндүк сызыгын" 1950-53-жылдары болгон согушта БУУнун желеги алдында согушкан АКШ тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин бир тараптуу чийип койгон. Ал эми Түндүк Корея бул чечимди тааныбай тургандыгын айтып, өзүнүн чийген сызыгын бекитип алган. Аны коңшусу Түштүк Корея тааныбай келет.

Аймакта ири куралдуу кагылыш 2010-жылдын 23-ноябрында Йонпхёндо аралында болгон. Сеулдун маалыматына караганда, арал Түндүк Корея тараптан артиллериялык атууга алынып, экинчи тарап да курал менен жооп берген. Анын кесепетинен эки түштүк кореялык эки аскер каза таап, 17си жарадар болгон.

Корей жарым аралындагы кырдаал акыркы мезгилдери Түндүк Кореянын ракета сыноолорунан кийин чыңалып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0