Индияда эки баштуу ымыркай төрөлдү

© AFP / JOEL SAGETНоворожденный ребенок
Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операция 26-апрель күнү жасалганы менен ЖМКлар бул тууралуу эми гана жазып чыгышты.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Индияда курсак жагынан дагы бир баш чыккан ымыркай төрөлгөнүн Daily Mail басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Макалада жазылгандай Джайпур шаарынын JK Lone ооруканасынын дарыгерлери наристеге төрт саатка созулган операция жасап, туура эмес өсүп калган мүчөнү алып салышты. Учурда ымыркай сакаюу жолунда.

Операция 26-апрель күнү жасалганы менен ЖМКлар бул тууралуу эми гана жазып чыгышты.

"Экинчи башта" кулак жана көз жок экен. Хирургдардын айтымында, ал кыздын жашоого зарыл болгон заттар менен камсыздалышына тоскоол болуп келген. Анын үстүнө "экинчи баштын" жанында үчүнчү кол жайгашыптыр", — деп жазылат маалыматта.

Адистердин айтымында, миллион ымыркайдын бирөө ушундай кемтик менен төрөлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0