АКШ Түштүк Кореянын аймагына учурулган ракетаны тосуп коюучу жабдууну орнотту

© flickr.com / U.S. Missile Defense AgencyАКШнын ракетага каршы THAAD системасы. Архив
АКШнын ракетага каршы THAAD системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын маалыматына ылайык, THAAD батареялары каз тамандуу атайын жабдууларга орнотулуп, алардын ар бири сегиз ракетаны тосуп алууга жөндөмдүү.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Түштүк Кореяда Американын учуп келе жатканда тосуп коюучу, ракетага каршы THAAD системасы орнотулду. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги АКШнын Түштүк Кореядагы аскер контингентинин өкүлү Роб Мэннингге таянуу менен билдирди.

"АКШнын Түштүк Кореядагы аскер күчтөрү THAAD системасы орнотулганын тастыктайт жана Түндүк Кореянын учурулган ракеталарын тосуп коюуга жөндөмдүү", — деди Мэннинг.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, THAAD батареялары каз тамандуу атайын жабдууларга орнотулуп, алардын ар бири сегиз ракетаны тосуп коюуга жөндөмдүү. Ал ошондой эле ракетага каршы TPY-2 TM  радары менен жабдылган. Ал 200 чакырымдык тегеректи алып иштөөгө жөндөмдүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0