Индияда эки автобустун айдоочусу карама-каршы тилкеде жарыш уюштурушкан

© AFP / MONEY SHARMAЖол кыймылын көзөмөлдөп жаткан индиянын полиция кызматкери. Архив
Жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан индиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо көрүнүп тургандай, автобустар жогорку ылдамдык менен жолдогу бөлүнгөн чийинден өтүп, карама-каршы тилкеге чыгышкан.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Индияда жүргүнчү ташыган эки автобустун айдоочусу чоң жолдо жарышка түшкөн видео Youtube каналына жайгаштырылды.

Видеодо көрүнүп тургандай, автобустар жогорку ылдамдык менен жолдогу бөлүнгөн чийинден өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен.

Видео коомчулукка жарыялангандан кийин бийлик текшерүү иштерин баштап, жол эрежесин бузган күнөөкөрлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрүнөн убактылуу ажыратышкандыгын The Times of India басылмасы жазып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0