Трамптын аялы менен баласы Ак үйгө жайында көчүп келет

© Sputnik / Алексей Агарышев / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Дональд Трамп аялы Меланья жана баласы Бэррон менен. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп аялы Меланья жана баласы Бэррон менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дональд Трамп президенттиктин алгачкы айлары анын үй-бүлөсү үчүн кыйын учурлардан болгонун жашырган жок.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп аялы Меланья жана баласы Бэррон Ак үйгө жай айында көчүп келишээрин билдирди. Бул тууралуу Washington Times гезити кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент анын үй-бүлөсү окуу жылы аяктап калганда келээрин айтып, бала үчүн бул оңойго турбаганын кошумчалаган.

"Менин балам азырынча кичинекей, 11 жашка жаңы эле толду. Эми аны башка мектепке которууга туура келип жатат. Бэррон футбол ойногонду жакшы көрөт. Анын командасы, досторунун баары Нью-Йоркто. Ошондуктан биз аны окуусунун ортосунда алып кетпейли деп чечкенбиз", — деп түшүндүргөн Трамп.

Өлкө башчысы президенттиктин алгачкы айлары анын үй-бүлөсү үчүн кыйын учурлардан болгонун жашырган жок.

Мындан сырткары, АКШ президенти жубайы Меланья Трамп ЖМКнын соккусуна кабылганын, бирок ага карабай биринчи айымдын милдеттерин так аткарып "өлкө үчүн мыкты иштерди жасап жатканын" айтып өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0