Германия чүмкөнүп жүрүүгө жарым-жартылай тыюу салды

© AP Photo / Shakil AdilМусульманка в парандже
Мусульманка в парандже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр жыл аягында Германиянын канцлери Ангела Меркель башы-көздү толук жапкан (бурка, никаб) кийимдерге тыюу салуу керектигин айтып чыккан.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бундестаг башы-көздү толугу менен жапкан мусулман кийимдерине (бурка, никаб) тыюу салуучу мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Рейтерге шилтеме кылып жазып чыкты.

Паранжа кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев ашкере динчил аялдарга кара түстөгү кийим кийүүгө тыюу салууну көздөөдө
Бурка менен никаб — мусулман мамлекеттеринде аялдар кийүүчү кийим. Ал аялдын боюн толук чүмкөп, көздөрү көрүнгөн тилиги гана болот.

Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер интеграциянын алкагында "биз дагы өзүбүздүн баалуулуктарды так белгилеп, аларды жайылтышыбыз керек, бул мыйзам долбоору өзгөчө мааниге ээ" деген пикирин билдирди.

Былтыр жыл аягында Германиянын канцлери Ангела Меркель башы-көздү толук жапкан (бурка, никаба) кийимдерге тыюу салуу керектигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0