Франциядагы үй-бүлө 2,5 евролук лотерея менен 83 млн. евро утуп алды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПол с изображением Евро
Пол с изображением Евро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылма мындай мүмкүнчүлүк чанда эле кездешерин, 116 миллион учурдун бирөө эле утуп аларын билдирген.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Франциядагы Дижон шаарындагы үй-бүлө 2,5 еврого сатып алган лотереядан 83,4 миллион евро утуп алды. Бул туурасында РИА Новости Parisien басылмасына таянып билдирди.

Запрет розыгрыша лотерей в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Германиялык жаран лотереядан 90 миллион евро утуп алды
Кубанычтуу кабар француз үй-бүлөсүнө 11-апреле эле айтылса да алар элге эки аптадан кийин билдирген.

Басылма мындай мүмкүнчүлүк чанда эле кездешерин, 116 миллион учурдун бирөө эле утушка ээ болорун билдирген. Маалыматта EuroMillions деп аталган лотереянын 2004-жылдан берки тарыхында бул алтынчы ири утуш болуп эсептелери айтылган.

Байып жатып калган үй-бүлө акчаны эмнеге жумшай турганын айтпоону чечкен. Анткен менен алар өз жумушун жакшы көргөндүктөн мурдагыдай эле иштей беришерин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0