Дүйнөдөгү чылым чеккен эң жаш бала тамекиден баш тартып арыктады

© AFP / AHMAD NAAFI / SRIWIJAYA POSTДүйнөдөгү эң жаш чылым чеккич деп эсептелген индонезиялык тогуз жаштагы Алди Ризал. Архив
Дүйнөдөгү эң жаш чылым чеккич деп эсептелген индонезиялык тогуз жаштагы Алди Ризал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ризал эки жашынан баштап чылым чегип, бир күндө 40 тамекини жөн эле тартып койчу.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң жаш чылым чеккич деп эсептелген индонезиялык тогуз жаштагы Алди Ризал жаман адатынан арылып арыктады. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыккан.

​Ризал эки жашынан баштап чылым чегип, бир күндө 40 тамекини жөн эле тартып койчу. Жаш бала беш жыл дарыланып жаман адатынан арылганы менен майлуу тамактарды көп жеп тез эле семирип кеткен.

Басылма тогуз жаштагы Ризал туура тамактанууну үйрөнүп, сабактарын жакшы окуп, мектептин жылдызына айланганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0