Дүйнөдөгү эң оор аял 330 килограмм салмактан арылды

© AFP / Mahmoud ZAYYATОперация ребенку в южном ливанском городе Сидон
Операция ребенку в южном ливанском городе Сидон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иман Ахмед Абдулати эки жумадан кийин өз мекени Египетке жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң оор салмактагы египеттик Иман Ахмед Абдулати Мумбайдагы клиникада дарыланып жатып 171 килограммга чейин арыктады. Бул тууралуу Times of India басылмасы клиникага таянып кабарлады.

Буга чейин ал дүйнөдөгү эң оор аял деп эсептелип, салмагы 500 килограммга жетчү.

Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Индияда дүйнөдөгү эң оор айымга операция жасалып, ашказаны кичирейтилди
Маалыматка ылайык, Иман эки жумадан кийин Египетке кайра жөнөтүлөт. Бирок бул окуя ызы-чуу менен коштолууда. Имандын эжеси дарыгерлерге нааразы болуп, сиңдисинин абалы жакшырбаганын, дарыгер айткан салмакка түшпөгөнүн билдирген.

Имандын дарыгери Муффазал Лакдавала бейтаптын абалын жакшыртуу дарыгерлер үчүн маанилүү экендигин баса белгилеген.

"Бизде атайын Имандын салмагын өлчөп турган керебет бар. Акыркы жолу аны биз ошол керебетке жаткырганда ал 171 килограмм болгон. Биз эжесинин айткандарына карабай Иманды дарылоону улантабыз, анын абалын жакшыртуу биз үчүн да маанилүү", — деди Лаквадала.

Египеттик аялдын аянычтуу тагдыры тууралуу былтыр октябрь айында Al Arabiyа телеканалы кабарлап, анын инсультка кабылып, төшөккө жатып калганын жазган. Бейтап тууралуу маалымат тараган соң индиялык хирург ага жардам берерин айтып, тийиштүү жактарга кайрылып виза ачууга көмөктөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0