Унаанын дөңгөлөгү ыргыган тейде мекеме ичинде отургандардын башына тийди

Жазылуу
Мекеме жетекчисинин айтымында, отургандар оор жаракат алышкан эмес.

Түркиянын Адана провинциясында автоунаанын дөңгөлөгү ыргып кетип тегеренген бойдон дарыкананын ичине кирип кеткен. Мунун кесепетинен эки адам жабыркаганын РИА Новости UPI басылмасына шилтеме берүү менен жазды.

Бул учур мекемедеги видео байкоого түшүп калган. Кадрда көрүнгөндөй жүрүп бараткан унаанын арткы дөңгөлөгү ыргыган тейде тегеренип келип, кызматтык жолугушууда отурган адамдарга тийген. Ошол учурда дарыкананы эшиги ачык турганы видеодон даана көрүнөт.

"Биз аябай таң калып жатабыз. Мындай нерсени 35 жылдык иш тажрыйбамда биринчи жолу көрүп жатам. Мындан жабыркагандар оор жаракат алышкан жок. Тиешелүү жардамдар көрсөтүлдү", — деген мекеме ээси.

Маалыматта дарыкананын жетекчиси жана жабырлануучулар сотко кайрылбаганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0