Японияда уурулар нак күмүштү эмес, алтындын жасалма куймаларын уурдап кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековЗолоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области
Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музейге ууру имараттын терезесин талкалап кирип, витринада турган баалуу металлдын ичинен алтындын жасалма куймаларын гана алып кеткен.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Япониянын Садо шаарындагы аймак таануу музейинен уурулар 30 килограммдык чыныгы күмүштү эмес, жанында турган алтындын жасалма куймаларын уурдап кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, окуя Ниигата префектурасында Садо шаарынын Аикава аймак таануу музейине болуп, аталган жерде алтын, күмүш казып алуудагы аймактын ийгилиги көрсөтүлгөн.

Музейге ууру имараттын терезесин талкалап кирген. Витринада салмагы 30 килограмм болгон таза күмүш жана алтыны бар кендердин бөлүктөрү коюлган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0