Иранда 2 миң жыл мурунку жер алдындагы шаар табылды

© AFP / JEFF PACHOUDАрхеолог во время раскопок.
Археолог во время раскопок. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байыркы шаардан 60 адамдын сөөгү табылган.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Археологдор Ирандын Хамадан провинциясынан 2 миң жыл мурунку жер алдындагы шаарды табышты. Бул тууралуу Sputnik Persian жазып чыкты.

​Khabar online агентигинин айтымында, байыркы калаа Самен шаарынын аймагынан табылган.

​Хамадан провинциясындагы маданият жана туризм бөлүмүнүн башчысы Али Хаксардын айтымында, байыркы шаар Тегерандан батышты карай 400 чакырым алыстыкта жайгашкан.

​"Жер алдындагы шаардын 25 каанасы болуп, өз ара туннелдер менен байланышта болгон. Учурда тогуз бөлмөдөн 60 кишинин сөөгү табылды", — деп жазылат маалыматта.

Байыркы шаарды иликтөө иштери 2005-жылы башталып, дээрлик 10 жылга созулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0