Индияда ичимдикке тыюу салынгандан бери мейманканалар жабыла баштады

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Индия
Страны мира. Индия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиянын Отельерлер жана рестораторлор федерациясы бул тыюу салуунун кесепетинен спирт ичимдиктерин саткан 100 миңге жакын кеңселер жабылышы мүмкүн деген божомолун билдирди.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Индияда 1-апрелден тарта мамлекеттик жана аймактык жолго жакын жайгашкан мекемелерде ичимдикти сатууга тыюу салынганы эс алуучу тармакка, анын ичинен мейманканаларга сокку болду. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

"Бул Индиядагы эс алуучу тармакка, анын ичинен мейманканаларга да терс таасирин тийгизе баштады", — деп айтылат маалыматта.

Тыюу салууга өлкөдөгү мейманкалардын дээрлик жарымы кирип калган. Алардын катарында Oberoi Gurgaon, Westin Mumbai, Le Meridien Kochi, Radisson Blu Guwahati деп аталган люкс отелдер бар экендиги айтылды.

Налоговая служба уничтожила 700 литров алкоголя - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башынын Терек-Суу айылында арак саткан акыркы дүкөн жабылды
Индиянын Отельерлери менен рестораторлорунун федерациясы бул тыюу салуунун кесепетинен спирт ичимдиктерин саткан 100 миңге жакын кеңселер жабылышы мүмкүн деген божомолун билдирди. Индиялык эксперттердин пикиринде бул кадам жергиликтүү отелдердин гана эмес, Индияга топ-тобу менен келгендерди, үйлөнүү тоюн өткөргөнү сапар ала тургандарды азайтат.

Жергиликтүү отелдер тобунун божомолунда алкоголго каршы чаралар мейманкана тармагынан бизнестин 60-70 пайызын алып кетери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0