Мосулда "Ислам мамлекети" тобунун башчыларынын бири жок кылынды

© Sputnik / Рафаэль Даминов / Медиабанкка өтүүМосулдагы Ирак армиясынын жоокерлери. Архив
Мосулдагы Ирак армиясынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда полиция жок кылынган террорчулардын аты-жөнүн атай элек.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ирактын федералдык полициясы Мосул аймагынан "Ислам мамлекети" террордук тобунун аскер лидерлеринин бири, Абу Хаджир ар-Руси деген лакап ат менен белгилүү кишини жок кылды. Ал Россиянын жараны дагы болушу мүмкүндүгүн РИА Новости агенттиги жазууда. 

Генерал-лейтенант Раед Шакердин айтымында, террорчу Мосулдун батыш бөлүгүндөгү ракеталык чабуулдан улам жок кылынган.

Планшет экранында ачылган Google сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Google сайтынан үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу маалымат көп изделүүдө
Буга чейин Ирактын аскерлери террор уюмунун мунай зат тармагын тейлеген Аби Мария ар-Руси аттуу кишинин жана аскер командирлеринин бири Абу Мухаджира ар-Русинин өлтүрүлгөнүн айтышкан. Аби Мария ар-Руси Россияда төрөлүшү мүмкүн экени да маалымдалууда.

Учурда полиция жок кылынган террорчулардын аты-жөнүн атай элек.

Эске салсак, Мосул аймагын террорчулардын тазалоо операциясын АКШ башында турган аскер коалициясы 2016-жылы октябрда баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0