Крокодил менен алышкан пилдин баласы интернетте дүң болду

Жазылуу
Чыгыш Африкадагы Малавия мамлекетинин улуттук паркына барган Александр Маканга крокодил менен пилдин баласынын алышкан видеосун жарыялады.

Жай жаткан крокодилди жайыкта оттоп жүргөн жылкы аңтара тепти - Sputnik Кыргызстан
Жай жаткан крокодилди жайыкта оттоп жүргөн жылкы аңтара тепти
Маканга үйүрү менен саздуу жерден өтүп келе жаткан пилдерди тартып жаткан. Суудан капысынан чыга калган крокодил пилдин баласынын мурдунан тиштеп, тарткылаган. Алгач пилдин баары үркүп, бирок чоң пилдер крокодилди келип сүзүп, кичинекей пилди куткарып калышкан.

Видеонун автору күтүүсүз болуп кеткен окуядан улам алгач эмне болуп жатканын түшүнбөй калганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0