Россияда муз дооруна таандык эстелик табылды

© Фото / Александр ПахуновРоссиялык археологдор Брянск облусунун аймагынан таап алган муз доорунда жашаган мамонттун жумуру тишинен жасалган аялдын эстелиги
Россиялык археологдор Брянск облусунун аймагынан таап алган муз доорунда жашаган мамонттун жумуру тишинен жасалган аялдын эстелиги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Брянск облусунда археологдор мамонттун жумуру тишинен жасалган эстеликти табышты.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиялык археологдор Брянск облусунун аймагынан муз доорунда жашаган мамонттун жумуру тишинен жасалган аялдын эстелигин табышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Россиянын археология институтуна таянып билдирди.

Палеолит доорунун алгачкы мезгилине таандык искусствонун бул түрү негизинен аялдардын эстелиги менен көрсөтүлгөн.

Строительные и археологические работы на месте снесенного 14-го корпуса Кремля - Sputnik Кыргызстан
Кытайда биздин заманга чейинки доордо аска бетине тартылган сүрөттөр табылды
Табылгалардын арасында мамонттон башка жаныбарлардын сөөгүнөн, ошондой эле таштан жасалгандары да жок эмес. Аялдардын келбетинен ал доордогу бааланган аялдык сыпаттарды баамдаса болот дешет окумуштуулар. Ага ылайык, таш доорунда жамбашы менен төшү чоң, ичи чыгып турган аялдар жогору бааланган. Мындай келбетке бала-бакыра төрөп, эмизген эне ээ болгон.

Мезгил өтүп сулуулуктун талаптары өзгөрө баштады. 21-24 миң жыл мурун Россиянын аймагында жашап келген алгачкы адамдардын көптөгөн эстеликтери табылган. Анын соңкусу "Венера" мындан 23 жыл миң мурун жасалганы аныкталган. Окумуштуулар анын сакталышы чоң табылга экенин белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0