ЖМК: америкалык дипломаттар үч айлык "террорчуну" суракка алды

© AP Photo / Michael ProbstГенеральное консульство США во Франкфурте
Генеральное консульство США во Франкфурте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анкетадагы кетирилген бир ката үчүн үй-бүлөгө кошумча 3000 фунт стерлинг төлөөгө туура келди.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШнын Лондондогу элчилиги үч айлык баланы суракка алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Guardian басылмасына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда үч айлык Харви Кеньон-Кэйрнстин чоң атасы Американын визасын алуу үчүн анкета толтуруп жатып, "Террордук топко тиешеси барбы?" деген суроого адашып "ооба" деп жооп жазып алган. Натыйжада ымыркайды элчиликке чакырышкан.

"Неберемдин чындап элчиликке чакырылышына ишене алган жокмун. Үч айлык бала эч кимге зыян келтире албайт да. Сурак учурунда неберем ыйлаган жок", — деди 62 жаштагы Пол Кеньон.

Ошондой эле карыя америкалык элчилигинде иштеген кызматкерлер өтө олуттуу экенин, тамашаны түшүнүү сезими жок экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0