Италияда дүйнөнүн эң улуу жашоочусу дүйнө салды

© AP Photo / Antonio CalanniСтарейшая жительница земли Эмма Морано
Старейшая жительница земли Эмма Морано - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал байбиче XIX кылымда туулуп, абдан узак жашагандардын катарына кирген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Италияда дүйнөнүн эң улуу жашоочусу деп эсептелген 117 жаштагы Эмма Морано дүйнө салды. Бул туурасында РИА Новости La Repubblica басылмасына шилтеме берип кабарлады.

Эмма Морано 1899-жылы туулган экен. Ал байбиче XIX кылымда туулган узак жашагандардын катарына киргендигин Франс Пресс кошумча маалымат катары билдириптир.

Италиялык Эмма Морано Нью-Йорктогу узак өмүр сүргөн дагы бир жашоочу Сузанна Мушатт Жонс каза тапкандан кийин, 2016-жылдын май айынан бери планетанын эң улуу адамы деп эсептелип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0