Индияда төрт колу жана төрт буту бар ымыркайга операция жасалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОперацияга даярданып жаткан хирург. Архив
Операцияга даярданып жаткан хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирактык Карам аттуу ымыркайга жасалган операция үч этаптан турган. Биринчисинде ашык буттары алынса, андан соң дарыгерлер денедеги кан айланууну жакшыртыш үчүн жүрөк-кан тамыр системасына операция жасап, аягында ашык колдору алынган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Индиянын хирургдары сегиз ашыкча мүчөсү менен төрөлгөн жети айлык ымыркайга ийгиликтүү операция жасашты. Бул тууралуу Индиянын Hindu басылмасы кабарлаган.

Маалыматка ылайык, ирактык Карам аттуу ымыркайга жасалган операция үч этаптан турду. Биринчисинде ашыкча буттары алынса, андан соң дарыгерлер денедеги кан айланууну жакшыртыш үчүн жүрөк-кан тамыр системасына операция жасап, аягында ашык колдору алынган.

"Төрөлгөнүнө эки жума болгон наристени ооруканага алып келгенде абалы коркунучта эле. Анын ден-соолугу текшерилгенден кийин бир нече этаптан турган операция жасоону чечтик", — деди дарыгер Гаурав Ратхоре.

Хирургдар ашык мүчөлөрүнүн бирин эле алып койбостон, физиологиялык жетишпеген жерлерин оңдоп, баланын бутун, белин түздөшкөн.

Дарыгерлер операциядан кийин Карамдын абалы тездик менен жакшырып жатканын айтышып, дүйшөмбү күнү наристе Ирактагы үйүнө жөнөтүлөрүн кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0