Wikileaks ЦРУнун сыр документтерин ачыкка чыгарды

© AFP / SAUL LOEBЦРУ имараты. Архив
ЦРУ имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайттын кызматкерлеринин айтымында, кезектеги сыр документтер HIVE аттуу хакердин программасынын жардамы менен алынып, жалпысынан алты документтин топтомунан турат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Wikileaks сайты АКШнын Борбордук чалгындоо кызматына (ЦРУ) тиешелүү Vault 7 аталышындагы сыр документтердин кезектеги бөлүгүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин Grosshopper аталышындагы сыр документтердин бир бөлүгү 7-апрелде жарыяланган болчу.

Сайттын кызматкерлеринин айтымында, кезектеги сыр документтер HIVE аттуу хакердин программасынын жардамы менен алынып, жалпысынан алты документтин топтомунан турат.

Ал эми 7-мартта сайтка чыккан маалымат 8,7 миңден ашык документти камтыган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0