https://sputnik.kg/20170414/uj-zhumushtaryn-zhasagan-ispan-ayal-kujoosunon-24-min-evro-ondurup-aldy-1032882900.html
Испаниялык аял үй жумуштары үчүн күйөөсүнөн 24 миң евро өндүрүп алды
Испаниялык аял үй жумуштары үчүн күйөөсүнөн 24 миң евро өндүрүп алды
Sputnik Кыргызстан
Түгөйлөр 2007-жылы ажырашканы менен 2013-жылдын май айына чейин чогуу жашашкан. Себеби ушул убакытта гана алардын ажырашуусу расмий күчүнө кирген. 14.04.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-04-14T09:24+0600
2017-04-14T09:24+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102946/88/1029468881_0:505:2729:2048_1920x0_80_0_0_2a0b5afbce71868f2862b2ca5b13a727.jpg
испания
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102946/88/1029468881_0:332:2729:2048_1920x0_80_0_0_8f9d10b8997657f65825cbe3ac5895b7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, коом, жаңылыктар, испания
басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, коом, жаңылыктар, испания
Испаниялык аял үй жумуштары үчүн күйөөсүнөн 24 миң евро өндүрүп алды
09:24 14.04.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Түгөйлөр 2007-жылы ажырашканы менен 2013-жылдын май айына чейин чогуу жашашкан. Себеби ушул убакытта гана алардын ажырашуусу расмий күчүнө кирген.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Алты жылдан бери үй жумуштарын жасаган испаниялык аял күйөөсүнөн 24 миң евро өндүрүп алды. Бул тууралуу РИА Новости El Mundo басылмасына таянуу менен жазып чыкты.
Сот буга чейинки инстанциянын 23 миң 628 евро төлөп берүү боюнча өкүмүн күчүндө калтырды. Былтыр Кантабрия провинциясынын соту Испаниянын тургунун чогуу жашаган жылдары аялдын үй иштерин жасаганы үчүн ага акча төлөп берүүгө милдеттендирген.
Түгөйлөр 2007-жылы ажырашканы менен 2013-жылдын май айына чейин чогуу жашашкан. Себеби ушул убакытта гана алардын ажырашуусу расмий күчүнө кирген. Бул мезгил аралыгында аял жумушун таштап бир гана үйдүн түйшүгү менен алектенген.
Сот түгөйлөр чогуу жашаган учурда аялы үй жумуштары менен алектенгендиктен күйөөсү өзүнүн финансылык кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алган деген жүйө келтирген.