Түркияда 11 жылдан кийин акталган киши 3 доллар жөлөк пул алды

© REUTERS / Dado RuvicАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акталып чыккан Хусейин аттуу киши 1980-жылы Dev-Sol радикалдык тобунун мүчөсү деп кармалып абакка кесилген.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Түркиянын Хусейин А. аттуу жаранын сот 11 жылдан кийин актап, түрмөдө өткөргөн күндөрү үчүн жөлөк пул катары тогуз түрк лирасын (үч долларга жетпейт) алды. Бул тууралуу HaberTürk басылмасы жазып чыкты.

ОИ - 2012. Легкая атлетика. Спортивная ходьба. Мужчины. 50 км - Sputnik Кыргызстан
Кытайда аялды тоногон ууру кокустан полиция участогуна кирип кеткен
Маалыматка ылайык, киши 1980-жылы Dev-Sol радикалдык тобунун мүчөсү деп кармалып абакка кесилген. 11 жыл эки ай өткөндөн кийин ал 13 пункт боюнча акталган.

Боштондукка чыккан Хусейин 1,2 миллион түрк лирасын (330 миң доллар) төлөтүп алуу үчүн сотко кайрылган. Сот Хусейин камакка алынган жылдары эмгек акынын минималдык көлөмүн карап ага 8,78 миллион лира төлөп берүү өкүмүн чыгарган. Бирок 2005-жылы Түркиянын улуттук валютасы деноминация болгондуктан (купюрадан алты нөл алынган) төлөнө турчу сумма 8,80 лирага түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0