Петербургдагы Васильев аралында белгисиз каражат жарылып, студент жабыркады

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүВзрыв у школы в Ростове-на-Дону
Взрыв у школы в Ростове-на-Дону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Студент ооруканага жеткирилди, полиция маалымат бере элек.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Петербургдагы Васильев аралында белгисиз каражат жарылып, студент жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости күбөгө шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

"Студент Одоевский көчөсүндө бараткан. Бир маалда колунда кармап бараткан белгисиз каражаты жарылып кетти. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Полиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатат", — деп билдирген күбө. 

Учурда жардыруу болгон көчө курчоого алынды. Ал эми полиция азырынча комментарий бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0