Рэпер 50 Cent концерт учурунда күйөрман кызды кокусунан чаап алды

© AFP / KOEN VAN WEEL / ANPИзвестный рэп-исполнитель 50 Cent
Известный рэп-исполнитель 50 Cent - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Балтимордо өткөн концерт учурунда болгон.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Америкалык белгилүү рэпер 50 Cent концерт учурунда күйөрман кызды кокусунан чаап алганын TMZ порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Мэриленд штатындагы Балтимор шаарында болгон. Ырчы күйөрмандары менен учурашып, алар менен кол алышып жатканда бир күйөрман кыз аны колдон тартып, сахнадан алып түшкөн.

Мындайды күтпөгөн ырчы автоматтык түрдө сол колу менен кызды көкүрөк тушка чапкан. Бул кадамы үчүн кечирим сураган ырчы күйөрман кызды сахнага чакырып, чогуу бийлеп ырдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0