Түркиянын Диярбакыр аймагындагы жарылуудан онго жакын киши жарадар болду

© REUTERS / HUSEYIN ALDEMIRТүркиянын полиция кызматкерелри. Архив
Түркиянын полиция кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диярбакыр провинциясында Түркияда ишмердүүлүгөнө тыюу салынган Күрддөрдүн жумушчу партиясы активдүү аракеттерди көрүп келет. Түрк өкмөтү аларга карата бир нече жолу антитеррордук аракеттерди жүргүзгөн.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Түркиянын Диярбакыр шаарынын борбордук бөлүгүндө болгон жарылуудан 10го жакын киши түрдүү жаракаттарды алды.

Sputnik Түркия маалымат агенттигинин билдиришинче, жарылуу полициянын зооттолгон автоунааларын оңдоп жаткан учурда болгон. Анын кесепетинен имарат жарым жартылай бузулган. Алдын ала маалымат боюнча жарылуу газ баллонунан улам болгон. Ошол эле учурда террордук чабуул болушу мүмкүн деген версиялар айтылууда.

Диярбакыр провинциясында Түркияда  ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрддөрдүн жумушчу партиясы активдүү аракеттерди көрүп келет. Түрк өкмөтү аларга карата бир нече жолу антитеррордук аракеттерди жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0