Францияда эки аял сериалдан улам ракка кабылганын өз убагында байкап калган

CC BY 2.0 / flash.pro / Evening watching televisionТелевизор көрүп жаткан адам. Архив
Телевизор көрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сериалда ракка кабылган аялдын окуясы чагылдырылган. Аны көргөн эки аял ооруканага барып текшерүүдөн өтүүнү чечишкен.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Францияда "Анатомия страсти" сериалы аны калтырбай көргөн эки аялга эмчек рагына кабылганын өз убагында аныктоого жардам бергенин Depeche басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Бул маалыматты дарыгерлер да тастыктап беришти.

Сөөл менен денеге чыккан безеткиден дарылоочу каражат сунуштаган сайт - Sputnik Кыргызстан
Сөөл менен безеткиден "арылткан" дарыларды рекламалаган сайттар. Чындыгы барбы?
Ага төшү ооруксунган аялдар адистерге кайрылып, бирок доктурлар анализден соң алардан онкологиялык оору тапкан эмес.

Сериалдын ракка кабылган аялдын окуясы чагылдырылган дагы бир сериясын көргөндөн кийин айымдар кайрадан ооруканага барышкан. Экинчи ирет жасалган анализ алардын чындап эле аталган дартка туш болгонун тастыктап берген.

"Анатомия страсти" сериалы Францияда атактуу кинолордун катарына кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0