ЖМК: Россияда апийим өстүрүүгө уруксат берүү маселеси каралууда

© AFP / SINALOA DE LEYVAАпийим талаасы. Архив
Апийим талаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик ооруну басуучу дарыларды жасоо үчүн апийимди өндүрүштүк максатта өстүрүүгө салынган тыюуну алган мыйзам долбоорун даярдап жатат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россияда дарылык максатта апийим өстүрүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости "Известия" гезитине шилтеме берип кабарлады.

Маалыматта Соода жана өнөр жай министрлигинин өкүлү бул жаатта мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын айткан.

"Министрлик ооруну басуучу дарыларды жасоо үчүн апийимди өндүрүштүк максатта өстүрүүгө салынган тыюуну алган мыйзам долбоорун даярдап жатат", — деп билдирген ал.

Курамында баңгизат бар бул өсүмдүктү жеке максатта эмес, өндүрүштүк максатта өстүрүү сунушталары айтылган.

Учурда Россияда апийими бар 13 дары каражаты катталган. Анын ичинен тогузу өмүр үчүн абдан чоң мааниге ээ деген пунктка киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0