Британиядагы ооруканада донордук органдар ондогон жылдар сакталган

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация по удалению злокачественной опухоли
Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сара Симпсон аттуу жашоочунун айтымында, атасы 1995-жылы каза тапканда денесин кескилебей эле өрттөөгө берилди деген ишенимде болгон.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Англиядагы Саут-Шилдс шаарындагы оорукана каза болуп калган бейтаптардын органдарын туугандарынын макулдугусуз алып, аларды "тиешелүү мөөнөтүнөн ашык" сактаган. Бул туурасында РИА Новости Belfast Telegraph басылмасына шилтеме кылып кабарлады. 

Кан тапшырып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ажалга арачы донорлор — ажат ачкан адамдар
Гезит адамдардын ткандарынын үлгүлөрү 2015-жылы март айында болгон текшерүүдө чыккандыгын кабарлады. Алар ооруканада "сактала турган мөөнөтүнөн" ашык кармалып тура берген.

Сара Симпсон аттуу жашоочунун айтымында, атасы 1995-жылы каза тапканда денесин кескилебей эле өрттөөгө берилди деген ишенимде болгон. Анткен менен оорукана ал пациентинин органдарын туугандарынын макулдугусуз алып, аны 22 жыл сактаган.

Учурда полиция органдар кимге таандык экендигин билиш үчүн атайын иликтөө жүргүзүп, каза болгондордун органы болушу мүмкүн деген маркумдардын туугандары менен сүйлөшүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0