Нью-Йорктогу метродо поезддин эшигине башы кыпчылып калган аялдын видеосу чыкты

Жазылуу
Нью-Йорк шаарындагы метродо башы поезддин эшигине кыпчылып калган аялдын видеосу социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда.

Аял метродон чыгып баратып башы метронун эшигине кыпчылып калган. Окуяга күбө болгон жаран аны видеого тартып, социалдык түйүндөргө жарыялап ийген.

Девочка, упавшая между поездом и платформой в Китае. Фото с сайта Youtube пользователя CCTV+ - Sputnik Кыргызстан
Кытай: поезд менен платформанын ортосуна түшүп кеткен наристени сууруп чыгышты
Америкалык NBC телеканалынын маалыматына ылайык, окуя шейшемби күнү Нью-Йорктогу Бронкс станциясында болгон.

Видеодо кыйын кырдаалга кабылган аялга жардам көрсөтпөй, жарандардын кайдыгер мамилесин байкоого болот. Мындай көрүнүш көпчүлүк интернет колдонуучулардын ачуусун келтирди.

Аялга кийин метрополитендин кызматкерлери жардам көрсөтүп, аны чыгарышкан. Мекеменин өкүлдөрүнүн айтымында, жабырлануучу медициналык жардамга муктаж болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0