16:35 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Колумбиянын Мокоа шаарында болгон сел

Колумбияда сел 100дөн ашык баланын өмүрүн алды

© REUTERS / Jaime Saldarriaga
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
24611

Бийлик учурда 127 адам белгисиз болуп жатканын билдирди. Алардын ичинде чет өлкөлүк үч жаран бар.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Колумбиянын Мокоа шаарында болгон сел 102ден кем эмес баланын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында кырсыктар боюнча улуттук башкармалыктын жетекчиси билдиргенин РИА Новости жазды.

  • Колумбиянын Мокоа шаарында болгон сел 102ден кем эмес баланын өмүрүн алып кетти.
    Колумбиянын Мокоа шаарында болгон сел 102ден кем эмес баланын өмүрүн алып кетти.
    © REUTERS / Jaime Saldarriaga
  • Акыркы маалыматтар боюнча, бардыгы болуп 314 киши каза тапкан. Буга чейин селдин курмандыгынын саны 301ге жеткени кабарланып жаткан. Учурда 247 сөөк туугандарына берилген.
    Акыркы маалыматтар боюнча, бардыгы болуп 314 киши каза тапкан. Буга чейин селдин курмандыгынын саны 301ге жеткени кабарланып жаткан. Учурда 247 сөөк туугандарына берилген.
    © REUTERS / Jaime Saldarriaga
1 / 2
© REUTERS / Jaime Saldarriaga
Колумбиянын Мокоа шаарында болгон сел 102ден кем эмес баланын өмүрүн алып кетти.

Акыркы маалыматтар боюнча, бардыгы болуп 314 киши каза тапкан. Буга чейин селдин курмандыгынын саны 301ге жеткени кабарланып жаткан. Учурда 247 сөөк туугандарына берилген.

Бийлик учурда 127 адам белгисиз болуп жатканын билдирди. Алардын ичинде чет өлкөлүк үч жаран бар. Алардын Испания, Германия жана Эквадордон келгендиги кабарланды.

1-апрелге караган түнү Мокоа, Сангояко жана Мулатос дарыялары ташкындап, сел каптаган. Жаратылыш кырсыгынан шаар жабыркап, көчөлөр ылайга чыланып, суу, жарык, газ берүү кыйындаган.

Тема боюнча

Колумбияда сел 250дөн ашуун кишини агызып кетти
Белгилер:
балдардын өлүмү, кырсык, өлүм, Колумбия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ