Санкт-Петербург: турак үйдүн биринде жарылууга окшогон үн чыгып, дубал жабыркаган

© Sputnik / Анатолий Медведь / Медиабанкка өтүүВзрыв в жилом доме на востоке Петербурга
Взрыв в жилом доме на востоке Петербурга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги андан жабыркагандар жоктугун билдирди.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы турак үйдүн биринде тарс эткен үн чыгып, дубалдар зыянга учураган. Бул туурасында РИА Новости ӨКМге шилтеме кылып билдирди.

Маалыматтарга караганда, окуя Санкт-Петербург шаарындагы Солидарность проспектисиндеги 16 кабаттуу үйдө болгон.

Анын кесепетинен үйдүн дубалынын бир канча жери жана бир автоунаа зыянга учураган.

Ал эми РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги андан жабыркагандар жоктугун билдирди. Учурда турак үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга чыгарып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0