Италияда энеси чемоданга салып ыргытып ийген россиялык кыздын сөөгү табылды

© AFP / VALERY HACHEИтальянская полиция на франко-итальянской границе в Ментоне
Итальянская полиция на франко-итальянской границе в Ментоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын кызы анорексия менен ооруган. Ал каза болгондо энеси сөөгүн жерге бербей, чемоданга салып ыргытып жиберген. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Италиянын Риминин портунан табылган чемодандагы кыздын сөөгүн өз энеси сууга ыргытып ийгендиги тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, 27 жаштагы Екатерина Лактионова анорексиядан улам каза болгон. Акыркы айларда ал бир нече жолу ооруканага түшкөн. Өлөөр алдында анын салмагы 35 килограмм болуп калган.

"Кыздын энеси Италияда оорулуу адамды карап иштеген. Ал эми кызы өлүп калгандан кийин белгисиз себептер менен анын сөөгүн үйүндө кармап, бир жумадан кийин гана чемоданга салып, деңизге ыргытып ийген. Андан соң 48 жаштагы эне Россияга кетип, ошол жактан гана кылган иши тууралуу айтып берген", — деп жазылат макалада.

Учурда Римдин прокуратурасы сөөктүн табылышы боюнча иликтөө иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0