Гонконгдо эң кымбат бриллиант 71 млн. долларга сатылды

© AFP / ANTHONY WALLACEАукцион Sotheby's в Гонконге
Аукцион Sotheby's в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бриллианттын салмагы 59,6 каратты түзөт. Аны Африкадагы De Beers корпорациясы 1999-жылы салмагы 132,5 каратты түзгөн алмаздан кесип алган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Сейрек кездешчү Pink Star күлгүн түстүү бриллиант Гонконгдогу аукциондо 71,2 миллион долларга сатылып, дүйнөдөгү эң кымбат баалуу таш болду. Бул тууралуу Telegraph гезити жазып чыкты.

Кытай Эл республикасынын мурунку төрагасы Мао Цзедундун портрети - Sputnik Кыргызстан
Мао Цзэдундун портрети аукциондо 12,5 млн. долларга сатылды
Бриллианттын салмагы 59,6 каратты түзөт. Аны Африкадагы De Beers корпорациясы 1999-жылы салмагы 132,5 каратты түзгөн алмаздан кесип алган.

Pink Star бриллианты 14,62 каратты түзгөн Оппенгеймер көк бриллианттын (Oppenheimer Blue) рекордун жаңылады. Көк бриллиант былтыр Женевадагы аукциондо 57 миллион долларга сатылып, Азияда сатылган эң кымбат асыл таштардын катарын толуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0