Дүйнө элин ишендирген 1-апрелдеги 10 тамаша

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКлоун. Архив
Клоун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү бир катар ЖМКлар абдан таң калыштуу жана кээде үрөй учурган окуялар тууралуу маалыматтарды чын болгондой маалымдашат. Айрымдары ага ишенип да алышат. Sputnik агенттиги чындай жазылган жалган маалыматтарды топтоду.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча 1-апрель күлкү майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү жакындарды, курбу-курдаштарды тамашага салабыз.

Күлкү күнүн ЖМКлар да өткөрүп жибербей окурмандарын, угармандарын тамашалаган учурлар бар. Алардын айрымдары чындыкка ушунчалык жакын жазылгандыктан тарыхта калды.

Sputnik Грузия агенттиги ЖМКларга чыккан 10 тамаша тууралуу жазды.

Өзгөчө спагетти

Өткөн кылымдын эң эсте калган тамашасын ВВС телеканалы даярдаган, алар Швейцариядагы спагеттинин мол түшүмү тууралуу маалымдашкан.

1957-жылы 1-апрелде британиялык телекөрүүчүлөр фермерлер бактарга салаңдап бышкан спагеттилерди үзүп алып, күнгө кургатып жаткан видеолорду көрүшкөн. Берүү бүткөндөн кийин тургундар редакцияга чалып, үй шартында спагеттини кантип өстүрсө болорун сурашкан. Ал учурдагы жашоочулардын мындай кызыгуусун түшүнүүгө болот эле, себеби алар спагеттини банкага салынган түрдө дүкөндөн сатып алышчу.

© Фото / Алексей ДворкинЭски телевизор
Белгород выставка музей связь телефон телевизор - Sputnik Кыргызстан
Эски телевизор

Телевизорго байпак кийгизип

1962-жылы Швециянын жалгыз телеканалынын техникалык адиси эгер түзсүз телевизорго нейлон байпакты кийгизсе ал түстүү көрсөтүп каларын айтып, аны кандай кийгизүү керектигин көрсөтүп берген. Анын бул көрсөткөнүнө миңдеген жарандар ишенген. Ал эми Швецияда түстүү телевизорлор 1970-жылдары гана чыккан.

Алмашкан убакыт

Австралиянын телеканалы 1975-жылы өлкө мындан ары ондук убакыт бирдигине өтөрүн маалымдаган. Жаңы система боюнча бир мүнөттө 100 секунд, бир саата 100 мүнөт, ал эми бир күн 20 саатка созулаарын билдирген.

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүУбакытты алмаштыруу
Перевод часов - Sputnik Кыргызстан
Убакытты алмаштыруу

Бул тамашага Түштүк Австралия штатынын премьери Дезмонд Коркоран катышып, жаңы убакыт бирдигин колдой турганын айткан. Ошондой эле административдик имараттарга коюлган жаңы сааттарды дагы видеодо көрсөтүшкөн. Муну көргөн тургундар жаңы сааттарды кайдан сатып алууга болорун, айрымдары электрондук саатты кантип жаңы системага өткөрүү керектигин сурап редакцияга чалышкан.

Суукка чыдамдуу курттар

Популярное сатирического шоу Saturday Night Live на телеканале NBC. Фото с сайта Youtube - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин фамилиясы америкалыктарды кантип "кыйнады". Тердеткен телешоу
Discover журналы 1985-жылы 1-апрелде италиялык биолог Април Паццо Антарктидадан суукка чыдамдуу курттарды тапканын жазган.

Окумуштуунун айтымында, илимде белгисиз болгон бул куурттардын сөөктөрү жалпак болуп, денени ысыткандыктан курттар муздун үстүндө катуу ылдамдык менен сойлой алат.

Бул курттар пингвиндерге кол салып жана 1837-жылы жоголуп кеткен изилдөөчү Филипп Пуассондун жоголушуна тийиштиги бар экени да маалымдалган.

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүПариждеги Эйфель мунарасы
Эйфелева башня - Sputnik Кыргызстан
Париждеги Эйфель мунарасы

Эйфел мунарасы көчүрүлгөндө

Эйфел мунарасынын көчүрүлүшү тууралуу макала 1986-жылы 1-апрель күнү Le Parisien гезитине чыккан. Анда мунара башка жакка көчүрүлүп, ордуна Олимпиядалык оюндар үчүн стадион курулаары айтылган.

Түбөлүктүү жай айы

Guardian гезити 1987-жылы англиялык окумуштуулар аба ырайын көзөмөлдөй турган машина ойлоп табылганын жазышкан. Анын жардамы менен жамгыр азайтылып, түбөлүктүү жай айын кылса болоору көпчүлүктү таңкалтырган.

Никсондун үчүнчү мөөнөткө калуусу

National Public Radio радиосу 1992-жылы 1-апрелдеги өз уктурууларында Ричард Никсон үчүнчү мөөнөткө барарын айткан. Андагы маалымат Никсондун үнү менен коштолгон. Угармандар чала баштаганда гана алып баруучу бул тамаша экендигин айтып, Никсондун үнүн актер окугандыгын билдирген.

Спирттен жасалган батончик

Россиянын ТАСС агенттиги 1994-жылы арак чыгарган компания лимон, кокос жаңгагы жана туздалган бадыраң даамдалган "спирттен жасалган батончиктерди" чыгара турганын маалымдаган.

Бул шоколаддын бир түрү чет өлкөлүк "Марс" жана "Сникерс" өңдүү таттуулар менен атаандаша турганы айтылган.

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүТалаадагы койлор
Отара овец на пастбище - Sputnik Кыргызстан
Талаадагы койлор

Дүйнөнүн тез ылдамдыкта жылып жатышына койлор күнөөлүү

Жаңы Зеландиянын ветеринардык климатология институтунун окумуштуулары 2007-жылы жергиликтүү гезиттердин бирине глобалдык жылуулуктун кесепетин абадагы көмүр кычкыл газынын көбөйүшү менен эмес, койлордун санынын кыскарышы менен түшүндүрүшкөн.

Окумуштуулар койлордун жүнү ак болуп күндүн нурун кайта чагылдырып, планетаны жылыгандан сактап турат дешкен. Алар канчалык азайган сайын жерде ошончолук ысык болуп жатат деп түшүндүрүшкөн.

Учуучу пингвиндер

ВВС телеканалы 2008-жылы көрүүчүлөрдүн назарына учуучу пингвиндер тууралуу маалыматты сунуштаган. Видеорепортажда пингвиндер канаттарын жылытыш үчүн Антарктиданын суугунан Амазонканын ысык токойлоруна чейин учуп барыры баяндалган.

Пингвиндерди компьютердик графиканын жардамы менен учурушкан.

Материал ачык булактардын негизинде даярдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0