Түштүк Корея соту экс-президент Пак Кын Хе айымды камакка алды

© REUTERS / KIM HONG-JIТүштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе
Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент паракорлук, бийликти аша чаап колдонуу жана жашыруун маалыматтарды башкаларга берген деп айыпталууда.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе айымды Сеулдун соту камакка алууга уруксат бергенин Ренхап агенттиги билдирди. Экс-президент паракорлук, бийликти аша чаап колдонуу жана жашыруун маалыматтарды башкаларга берген деп айыпталууда. Ал мамлекеттин сырын курбусу Цой Сун Силге берип турган деген маалыматтар бар.

"Сот мурдагы президентти камакка алууга бардык негиздер бар экенин айтып, далилдер атайылап жок кылынышы мүмкүн деген шектенүүдөн улам аны камакка алды", — деп жазат аталган басылма.

Соттун өкүмү чыккандан кийин Пак Кын Хе борбордук прокуратурадан Сеулдун түштүгүндөгү абакка алып келинди. Ал жакта Цой Сун Силь дагы кармалып турат.

Түштүк Кореядагы саясий жаңжал 2016-жылдын октябрь айынан тарта башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0