Ливан президенти Араб лигасынын саммитинде чалынып жыгылды

© REUTERS / MUHAMMAD HAMEDЛивандын президенти Мишель Аун Иорданияда өтүп жаткан Араб мамлекеттеринин лигасынын саммитинде
Ливандын президенти Мишель Аун Иорданияда өтүп жаткан Араб мамлекеттеринин лигасынын саммитинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөткө түшүү маалында кулап түшкөн президент эч кандай жаракат алган эмес.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Иорданияда өтүп жаткан Араб мамлекеттеринин лигасынын саммити өзгөчө окуя менен эсте кала турган болду. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды. 

18 мамлекеттин жетекчилери сүрөткө түшүүгө даярданып жаткан маалда Ливандын президенти Мишель Аун килемди буту менен илип алып, чалынып жыгылды. Бирок аны кесиптештери менен жардамчылары тез эле тургузуп алышкан

Видео социалдык тармактарда өтө тездик менен жайылып кетти.

Кийин белгилүү болгондой президент эч кандай жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0